Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:54

Орусияда Норвегиянын жараны 14 жылга кесилди


Фруд Берг сот залында. Москва, 16-апрель, 2019-жыл.
Фруд Берг сот залында. Москва, 16-апрель, 2019-жыл.

Москва шаардык соту 16-апрелде Норвегиянын жараны Фруд Бергди «Орусияга каршы тыңчылык кылган» деп таап, 14 жылга эркинен ажыратты. Ал былтыр жыл соңунда Москвада кармалган. Орус тергөөчүлөрүнүн версиясына ылайык, Берг орус атомдук суу алдында жүрүүчү кемелери тууралуу маалымат чогултуп жүргөн. Ага орус аскердик коргонуу ишканасынын кызматкери маалымат берип турган.

Ошондой эле тергөөнүн маалыматына ылайык, Берг почта аркылуу Наталья аттуу аялга накталай акча жана тыңчылык нускамалары салынган бир нече конверт жөнөткөн. Берг жана анын адвокаттары бул айыптардын баарын четке кагып, анын тыңчылыкка тиешеси жок экенин айтып жатышат. Ал эми Москвага акчаны норвегиялык таанышы берип жиберген.

62 жаштагы Берг Мурманск менен чектешкен Норвегиянын Финнмарк аймагында чек ара инспектору болчу. Орус тергөөчүлөрү ал 2014-жылы пенсияга чыккандан кийин Норвегиянын Аскердик чалгын кызматынын суранычы менен Орусияга командировкага барып келип жүргөнүн ырастап жатышат.

«Вашингтон пост» басылмасы жазгандай, Берг Орусияга чиркөө иштерине байланыштуу барып жүргөн жана ал ошондой эле Орусия-Норвегия маданиятынын фестивалын уюштуруу менен алек болуп келген.

XS
SM
MD
LG