Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Октябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 08:03

Меркел Кыргызстан менен түзүлгөн ишкерлик келишимдерди кубаттады


Сооронбай Жээнбеков менен Ангела Меркел. Берлин, 16-апрель, 2019-жыл.
Сооронбай Жээнбеков менен Ангела Меркел. Берлин, 16-апрель, 2019-жыл.

Берлинде кыргыз президенти Сооронбай Жээнбековду кабыл алган Германиянын канцлери Ангела Меркел эки өлкөнүн ишкерлеринин ортосунда түзүлгөн келишимдерди кубаттады.

«Биз түзүлгөн бизнес келишимдерине кубанып турабыз. Бирок бул макулдашууларды дагы кеңейтүүгө болот. Кечээ Мюнхенде өткөн немис-кыргыз форуму дагы жакшыраак жана ургаалдуу ишкерлик кызматташтыгынын башаты болду деп ойлойм», - деди Меркел.

Аны улай президент Жээнбеков кыргыз-немис ишкерлеринин ортосунда жалпысынан бир миллиард евродон ашык келишимдерге кол коюлганын айтты.

«Кыргызстан менен Германиянын ортосундагы кызматташтыктын келечектүү багыттарына соода-экономика тармагы, суу-энергетика, жашыл экономиканы өнүктүрүү, өнөр-жай, айыл чарба жана туризм кирет», - деп билдирди Жээнбеков.

Кыргыз президенти соңку жылдары эки өлкө ортосундагы саясий байланыштар жанданганын, буга 2016-жылы Меркелдин Кыргызстанда болгон сапары өбөлгө түзгөнүн айтып, өзүн расмий сапары менен Германияга чакырганы үчүн немис канцлерине ыраазычылыгын билдирди.

15-апрелде президент Жээнбеков башында турган кыргыз делегациясы Баварияда болгон. Германиянын бул аймагында эки өлкөнүн ишкерлери катышкан ишкерлик форум өткөн эле.

XS
SM
MD
LG