Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Декабрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 09:51

Европа Кеңеши Брекзитти талкуулады


Дональд Туск.
Дональд Туск.

Брюсселде Европа Кеңешинин жыйыны өтүп, анда Брекзит маселеси талкууланды.

Уюмдун төрагасы Дональд Туск талкуунун соңунда журналисттерге маалымат берип жатып бул процесстен баары, өзү да чарчаганын, бирок ошондой болсо да саясатчылар Улуу Британиянын биримдиктен шашылыш түрдө чыгып кетишине жол бербеши керек экенин айтты:

- Эки тарап тең Брекзиттин айынан чарчаганын мен түшүнүп турам. Бирок бул жагдай ишти токтотууга себеп болбошу керек. Биз алдын-ала эч кандай жаман ойдо болбостон ишибизди өнүккөн деңгээлде уланта беришибиз абзел.

Жакында Евробиримдик Брекзит боюнча мөөнөттү быйыл 31-октябрга чейин узарткан. Биримдикке кирген өлкөлөрдүн көпчүлүгү Британияга 9 ай же бир жыл убакыт берүүнү жакташкан. (RK)

XS
SM
MD
LG