Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Декабрь, 2021 жекшемби, Бишкек убактысы 02:23

Былтыр мектептин ордуна диний таалим алган 850 бала аныкталды


Иллюстрациялык сүрөт.

2018-жылы Кыргызстанда 9-класска чейинки курактагы 850 бала мектепке барбай, медреседе же чиркөөдө окуп жүргөнү аныкталган. Бул тууралуу «Азаттыкка» Билим берүү жана илим министрлигинин башкы адиси Гүлшан Абдылдаева билдирди.

Алар мектепке тартылып, милициянын жана билим берүү башкармалыктарынын көзөмөлүнө алынганын айткан адис Ысык-Көл облусун мисал келтирди:

- Былтыр Ысык-Көл облусунда «Йакын инкар» агымын тутунган ата-энелерге эскертүү берилип, жети бала мектепке кайтарылган.

Кыргызстандын билим берүү жөнүндөгү мыйзамына ылайык, бала 9-класска чейин мектепте окууга милдеттүү. Жалпы билим берүү мекемесин таштап кетүүгө уруксат берилбейт.

Андай балдардын ата-энесин Социалдык өнүктүрүү министрлиги же укук тартибин коргоо органдары сотко берсе болот.

Социалдык изилдөөлөрдү жүргүзүп келе жаткан Булан институту жакында баяндамасын жарыялап, мыйзамдын талаптары толук сакталбай жатканын билдирген.

Гүлшан Абдылдаева менен маекти бул жерден угуңуз:

850 бала диний таалим алуу үчүн мектепти таштаган
please wait

No media source currently available

0:00 0:05:57 0:00

Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын төрагасы Зайырбек Эргешов мектепти таштабай, кошумча диний билим алууга мыйзам уруксат берерин айтты. Ал үчүн диний тарбия берүүчү жайдын жетекчилигинде ата-эненин жазма уруксаты болууга тийиш. (SE)

Пикирлерди көрүңүз (3)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG