Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:34

Чүйдө интернаттарды оптималдаштыруу планы талкууланууда


Талкуунун катышуучулары.
Талкуунун катышуучулары.

Бүгүн, 17-апрелде «Балдардын укугун коргоо лигасы» коомдук фондунун демилгеси менен Чүй облусунда балдарды кароочу интернат түрүндөгү жатак жайлардын ишин оптималдаштыруу боюнча мамлекеттик планды талкуулоо уланат.

3-апрелде башталып, 30-апрелде жыйынтыктала турган жыйындарга жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, айыл өкмөттөрү, эл аралык эксперттер жана планды иштеп чыккан адистер катышууда.

Сокулук, Ысык-Ата райондорундагы мектеп-интернаттардагы балдарга үй-бүлөлүк тарбияга жакын шарт түзүү каралууда.

«Кыргызстандын балдарына үй-бүлөдөгүдөй жагымдуу шарт түзүү» долбоорунун эксперти Анна Палли жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө Молдовадагы ушуга окшош тажрыйбаны айтып берип жатат.

2016-жылдагы эсеп боюнча Кыргызстанда интернаттарда 2 300дөн ашуун бала бар. Алардын миңге чукулунун атасы да, апасы да жок. Жаңы планга ылайык, мамлекеттин кароосундагы балдарды фостердик үй-бүлөлөргө жайгаштыруу каралууда. (BCh)

XS
SM
MD
LG