Баткен облусунун Лейлек районундагы Катта-Туз мунай кени кайрадан Тажикстандын пайдалануусунда калды. Бул тууралуу акыйкатчы Токон Мамытов «Азаттык» менен болгон маегинде билдирди.
Анын айтымында, 2013-жылы Кыргызстандын аймагындагы Катта-Туз кени жайгашкан жерде иштеген тажик жарандары чыгарылган болчу. Мындан эки жыл мурун аталган тилкеге тажик жарандары кайрадан кирип, мунай кенин иштете баштаган.
Токон Мамытов вице-премьер-министр болуп турган кезинде аталган кен Кыргызстанга караштуу деген негиз менен өкмөттүн карамагына өткөрүлгөн. Бирок 2015-жылга чейин аталган мунай кенинин макамы аныкталбай, Кыргызстандын балансына өткөрүлбөй калган. Ошондуктан аны Тажикстан кайрадан колдоно баштаган.
Катта-Туз мунай кени жайгашкан аймак Кыргызстанга караштуу, бирок көп жылдан бери аны Тажикстан колдонуп келген. (KJ/ZKo)