Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Апрель, 2021 бейшемби, Бишкек убактысы 05:01

«Белизгейт» ишинен «жашыруун» деген чектөө алына элек (видео)


«Белизден келди» деген документтер.

Башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов «Белизгейт» деген ат менен белгилүү болгон кылмыш ишинен «жашыруун» деген гриф алына элек экенин билдирди:

«Бул иш боюнча кылмыш ишин козгоодон баш тартуу жөнүндө чечим кабыл алынган. Мыйзам боюнча тараптар материал менен таанышууга укугу бар. Бүгүнкү күндө «жашыруун» деген гриф алынган эмес».

​Жамшитов бул тууралуу Жогорку Кеңеште прокуратура органдарынын 2018-жылдагы аткарган иши боюнча отчет берип жатып айтты.

Былтыр жыл аягында Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетте (УКМК) түзүлгөн комиссия «Белизгейт» боюнча кылмыш ишинен «жашыруун» деген грифти алып салуу боюнча иштеп жатканы кабарланган.

2016-жылы УКМКнын ошол кездеги жетекчиси Абдил Сегизбаев айрым депутаттар 2012-жылы «Альфа Телекомдун» мамлекетке өткөрүлбөгөн 50% акциясын сатууга аракет кылгандыгы Белиз өлкөсүнөн келген документтерде көрсөтүлгөнүн айтып чыккан.

Ал сөз болуп жаткан документтерде саясатчылар Өмүрбек Текебаевдин, Аида Салянованын жана Алмамбет Шыкмаматовдун аты-жөнү жазылганын кабарлаган.

Кийин документтин түп нускасы УКМКда жок экени белгилүү болгон. (BTo)

Пикирлерди көрүңүз (10)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG