Башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов Жогорку Кеңеште депутат Жанарбек Акаевдин суроосуна жооп берип жатып көр сатуу боюнча үч кылмыш иши козголгонун айтты:
«Көзөмөлгө алабыз. Жалпысынан үч кылмыш иши козголгон. Эки иш боюнча тергөө жүрүп жатат, бирөө боюнча сотко жиберилиптир, азыр сот жүрүп жатат. Тергөө жүрүп жаткан иштерди да көзөмөлдөп турабыз».
Башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов ушул тапта парламенттин алдында прокуратуранын 2018-жылы аткарган иштери тууралуу маалымат берүүдө.
Бишкектин Ленин райондук соту 8-февралда Уланбек Эгизбаевдин «Көрүстөндөгү коррупция» иликтөөсүнүн каарманы Максат Баялиевди даттануучуларга 20 миң сом доо төлөп берүүгө милдеттендирген чечим чыгарган.
Чечим Уланбек Эгизбаевдин «Көрүстөндөгү коррупция» иликтөөсүндө кабырлардын сатылып жатканы тууралуу интервью берген Максат Баялиев Түштүк-Батыш көрүстөнүнүн жетекчиси Чыңгыз Апасовго жана бригадир Алихан Алиевге 10 миң сомдон төлөп берүүгө милдеттендирет. (ZKo)