Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 06:35

УКМК 80 килограммдан ашык баңгизатты жок кылды


Баңгизаттарды отко жагуу учуру.
Баңгизаттарды отко жагуу учуру.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) 17-апрелде мыйзамда белгиленген тартипке ылайык 14 кылмыш ишинин алкагында тергөө ишинин далили катары алынган, жалпы салмагы 81 кг түзгөн баңгизаттарды жок кылды.

Ага УКМКнын, ИИМдин, Бишкек мэриясынын, Саламаттык сактоо министрлигинин, Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарба мамлекеттик агенттигинин өкүлдөрүнөн турган комиссия катышты.

УКМК тарабынан алынган баңгизаттар (48 кг- героин, 33 кг – гашиш) «Бишкек жылуулук энерго» комуналдык ишканасынын от казанына жагуу менен жок кылынды.

Атайын кызмат тарабынан 2014-жылдан бери 1,5 тоннадан ашык баңгизаттар (анын ичинен героин - 696 кг 506 гр, гашиш - 490 кг 652 гр, марихуана – 280 кг 260 гр, афган чарсы– 27 кг 581 гр, апийим – 27 кг 400 гр), 1085 психотроптук заттар жана 160 грамм Альфа ПВП синтетикалык психосимулятору мыйзамсыз жүгүртүүдөн алынды. (BTo)

XS
SM
MD
LG