Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Октябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 17:44

«Чек арасыз кабарчылар» пакистандык журналисттин айыпталышын сынга алды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

«Чек арасыз кабарчылар» уюму пакистандык журналистке каршы жасалма айып коюлуп жатканын сынга алды.

«Dunya News» телеканалынын иликтөөчү журналисти Шахзеб Жиллани «кибертерроризм кылган» жана «Пакистандын абройлуу мекемелери тууралуу ушак-айың тараткан» деп айыпталууда. Журналистин соту 17-апрелде Карачи шаарында өтүшү керек.

Баш кеңсеси Парижде жайгашкан уюм Жиланиге каршы иш пакистандык кабарчыларды коркутуп, аларды чындыкты айтуудан алыс кылыш үчүн козголгонун белгилеп, соттон айыптарды алып салууга чакырды.

Буга чейин эл аралык BBC жана «Deutsche Welle» медиа уюмдарында иштеп келген Жиллани Пакистандын кубаттуу армиясын жана чалгын кызматтарын сындаган репортаждары менен белгилүү.

Пакистанда аскердик мекемелерди сындаган журналисттер жана блогерлер буга чейин да коркутуп-үркүтүүгө туш болуп келишкен. Ал тургай алардын айрымдары уурдалып же киши колдуу болгон учурлар да кездешкен.

XS
SM
MD
LG