Франциянын саламаттык сактоо мекемелери көкүрөк импланттарынын айрым түрлөрүнө тыюу салды. Полиуретандан жана тышкы катмары микротекстурадан жасалган импланттар өсмө (рак) илдетинин сейрек формасынын пайда болушуна себеп болушу мүмкүн деген кооптонуудан улам апрель айынан тарта «кара тизмеге» киргизилди.
Ал эми өндүрүүчүлөр бул чечимге каршы төрт ай ичинде сотко кайрыла алышат. Француз жетекчилигинин мындай чечимди кабыл алышына 2018-жылы чыккан илимий иликтөө түрткү болду. Журналисттик иликтөөлөрдүн эл аралык консорциуму жарыялаган макалада импланттын аталган түрлөрүн салдырган кардарлардын көбү өсмө шишигине кабылары аныкталган.
Дарыгерлер анын так себебин таба элек. Айрым версияларга караганда, имплант менен адамдын организми жалгашкан жерде бактериялар пайда болуп, көкүрөк эмес, иммундук системанын өсмөсүн пайда кылышы мүмкүн.
Франциядан кийин көкүрөк импланттарынын аталган түрлөрүнө Нидерландыда жана Канадада да тыюу салууну пландап жатышат.
Францияда жарым миллиондой адам көкүрөгүнө имплант салдырган.