Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:46

Аба ырайы: Жаан жаап, күн күркүрөйт


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Шашылыш билдирүү: Кыргызстанда 19-апрелде түнкүсүн жаан-чачын жаабайт. 19-20-апрелде күндүз көпчүлүк аймактарда жаан жаап, күн күркүрөйт, биийк тоолуу райондордо жаан карга айланат. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын айрым жерлеринде жаан-чачын катуу жаайт. Бийик тоолуу райондордо жолдор тоңголок жана тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 17-22 метрге чейин жетиши күтүлөт. Абанын температурасы төмөндөйт.

Мындай туруксуз аба ырайы айыл чарба иштерин, автоунаалардын жүрүшүн, энергетикалык жана коммуналдык кызматтардын ишин, жайыттарда мал багууну кыйындатат.

Тоолуу жолдордо күрткү түшүп, кар көчүшү ыктымал, жолдордун айрым жерлери тайгак болуп муз тоңот. Автоунаалардын ортосундагы аралык 500 метрден кем болбоого тийиш.

18-апрелде Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда жаан жаап, күн күркүрөйт, тоолуу райондордо жаан карга айланат, калган аймактарда жаан-чачын жаабайт. Бийик тоолуу райондордо жолдор тайгак жана тоңголок болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 м/с.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 4…9, күндүз 19…24;

Суусамыр өрөөнүндө түнкүсүн 0…5, күндүз 11…16:

Талас өрөөнүндө түнкүсүн 4…9, күндүз 18…23;

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 5…10 күндүз 21…26;

Ысык-Көл, Нарын облустарында түнкүсүн 4…9, күндүз 15…20;

Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -5…-10, күндүз 5…10 градус жылуу болот.

18-апрелде Бишкек шаарында жаан-чачын жаабайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 8…10°, күндүз 16…18° болот.

XS
SM
MD
LG