Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:36

Рахмон: Орусиядагы мигранттарга мунапыс берилишин күтөбүз


Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон менен Мамдуманын спикери Вячеслав Володин. 16-апрель, 2019-жыл.
Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон менен Мамдуманын спикери Вячеслав Володин. 16-апрель, 2019-жыл.

Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон Орусияда эмгектенип жүргөн тажик жарандарына миграциялык мунапыс берилишине үмүт артат. Бул тууралуу шаршембиде Москвада Рахмон Мамдуманын спикери Вячеслав Володин менен жолукканда сөз болду.

Тажикстандын лидери Дүйшөмбү Москвадан өз жарандарынын каттого туруу жана патент алуу жол-жобосун жөнөкөйлөтүүнү суранарын билдирди.

Рахмон Орусияга эки күндүк расмий сапар менен барды. Бүгүн ал орус президенти Владимир Путин менен жолугушуп, тараптар бир катар эки тараптуу документтерге кол коюшмакчы.

Расмий маалыматтарга караганда, Орусияда бир миллиондон ашуун тажик мигранты эмгектенет. Талдоочулардын айтымында тажик жарандары орус тилин жакшы билбегендиктен, миграция эрежелери менен чала тааныш болушат, ошондон улам көп ката кетирип, депортацияга да көп кабылышат.

XS
SM
MD
LG