Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фонду облустун «Тез жардам» кызматына сегиз даана автоунаа алып берди.
2018-жылы бул кызматтын автоунааларына тендер жарыяланып, аны «Элим Строй» компаниясы утуп алып, машинелерди Германиядан алып келген. Ага жалпысынан 7 миллион 400 миң сом сарпталган.
Алынып келген сегиз автоунаанын бири Ысык-Көл облустук бириккен ооруканасына, экөө Каракол шаарындагы үй-бүлөлүк дарыгерлер борборуна, бир автоунаа Жети-Өгүз райондук дарыгерлердин жалпы практикалык борборуна, Ак-Суу райондук дарыгерлердин жалпы практикалык борборуна бир автоунаа, Ак-Суу райондук аймактык ооруканасына бир автоунаа, Балыкчы шаарынын үй-бүлөлүк дарыгерлер борборуна бир автоунаа жана Ананьево айылындагы үй-бүлөлүк дарыгерлер борборуна бир автоунаа берилди.
«Тез жардам» унааларын расмий тапшыруу салтанаты бүгүн, 17-апрель күнү Каракол шаарында болду. Ага Саламаттык сактоо министрлигинин, жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү катышты. (AsM)