Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:49

Перу: Өзүн аткан мурдагы президент ооруканада көз жумду


Алан Гарсиа.
Алан Гарсиа.

Перунун мурдагы президенти Алан Гарсиа өз жанын кыйды. Ал кечээ 17-апрелде баш калаа Лимада полиция кызматкерлери паракорчулук боюнча иликтөөнүн алкагында кармап кетип жатканда өзүн аткан.

Гарсия ооруканага жеткирилген, бирок эсине келе албай жатып жан берген.

69 жаштагы саясатчыга Бразилиянын «Одебрехт» курулуш компаниясынан пара алган деген айып коюлган.

1985-90-жылдары өзүн улутчул президент катары көрсөткөн Алан Гарсиа кийинчерээк либералдык, эркин рынокту көз караштарды жактаган саясатчыга айланып, 2006-жылы экинчи жолу президенттик кызматка шайланган. Анын акыркы президенттик мөөнөтү 2011-жылы аяктаган.

XS
SM
MD
LG