Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Октябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 01:38

АКШда шайлоо тууралуу жаңыртылган баяндама жарыяланат


Дональд Трамп.
Дональд Трамп.

Бүгүн АКШнын Башкы прокуратурасы атайын кеңешчи Роберт Мюллердин жаңыртылган баяндамасын коомчулукка алып чыгат. Анда Орусиянын Кошмо Штаттардагы 2016-жылдагы президенттик шайлоого болжолдуу кийлигишүүсү тууралуу жазылган.

АКШнын президенти Дональд Трамп бул иликтөөнү аны кызматтан четтетүү аркылуу «мамлекеттик төңкөрүшкө аракет кылуу» деп атаган. Кечээ 17-апрелде кечинде ал Башкы прокуратуранын маалыматынан кийин өзүнчө басма сөз жыйынын өткөрөрүн айтты.

Мюллер эки жылга созулган иликтөөсүнүн жүрүшүндө Орусия шайлоолорго хакердик чабуулдар жана такталбаган маалыматтарды жайылтуу менен кийлигишкенин аныктаган. Ошол эле маалда атайын прокурор президент Трамптын же анын командасынын Орусия менен кутумга барганы тууралуу далилдерди тапкан эмес. Бирок президентти күнөөсүз деп атоодон баш тартып, бул маселени башкы прокурордун кароосуна калтырган. (RK)

XS
SM
MD
LG