Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Апрель, 2026-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 14:08

Кесипке үйрөнгөн жаштарга сертификат тапшырылат

Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Түркия өкмөтүнүн Кызматташтык жана өнүктүрүү башкармалыгы (ТИКА) 80ге жакын кыргызстандыкты учур талабына ылайык кесиптерге үйрөттү.

Бүгүн Бишкекте аларга сертификат тапшырыларын «Азаттыкка» ТИКАнын өкүлү Санжар Алтымышов билдирди. Анын айтымында, окутуу эки ай жүрдү.

- Мындай окутуу биринчи жолкусу эмес. Төртүнчү жолу окутуп, ушундай иш-чара уюштуруп жатабыз, - деди ал.

Алтымышовдун айтымында, кийим тигүү жана бычуу курстарынан 18 кыз-келин өттү.

Мындан тышкары, 59 эркек жигит графикалык дизайн, анимация, видеомонтаж боюнча компьютердик курстарды окуду. (RK)

XS
SM
MD
LG