Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Февраль, 2026-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 13:49

Бишкекке Ооганстандын башкы дипломаты келет

Салахуддин Раббани.
Салахуддин Раббани.

Бүгүн Бишкекке расмий сапар менен Ооганстандын тышкы иштер министри Салахуддин Раббани келет.

Өз сапарынын алкагында ооган тышкы саясий мекемесинин башчысы өлкө жетекчилиги менен бир катар жолугушууларды өткөрүп, эки тараптуу кызматташтыктын азыркы абалын жана келечегин, аймактагы абалды талкуулайт.

Бишкекте ооган элчилиги 2002-жылы, ал эми Кабулда кыргыз элчилиги 2014-жылы ачылган.

Кыргызстандын Ооганстандагы элчиси болуп өткөн айда Мирослав Ниязов дайындалган. (RK)

XS
SM
MD
LG