Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:56

Карамушкина: КСДП боюнча Юстиция министрлигине басым болду


Ирина Карамушкина.
Ирина Карамушкина.

Жогорку Кеңештеги КСДП фракциясынын депутаты Ирина Карамушкина Юстиция министрлиги Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын (КСДП) лидери катары Сагынбек Абдрахмановду каттап, партиянын жайгашкан дарегин өзгөрткөнүн сынга алды:

«Юстиция министрлигине басым кылып, партияны кайра каттоого алдырышты. Бул бийликтин алсыздыгы. Сагынбек Абдрахманов деген ким? Ал мамлекет үчүн эмне кылды эле? Биздин партиянын штабы расмий түрдө партиянын жаңы саясий кеңеши түзүлгөнүн жана съездде кабыл алынган чечимдерди Юстиция министрлигине жибергенбиз. Министрлик болсо коркуп, партияны кайра каттады. «Атамбаевсиз КСДП» кыймылы эч жерде катталган эмес».

Карамушкина партиянын айланасындагы иштер боюнча президент Сооронбай Жээнбековго кайрылып, маселени мыйзам чегинде чечүүгө чакырды.

Юстиция министрлиги Сагынбек Абдрахмановду КСДПнын лидери катары каттап, партиянын жайгашкан жерин (юридикалык дареги) Эркиндик 45 деп өзгөрткөн. Министрлик мунун Абдрахмановдон КСДПнын жетекчисин, саясий кеӊештин курамын жана саясий партиянын жайгашкан жерин алмаштыруу жөнүндө маалымдама келип түшкөнү менен байланыштырган.

Министрликтин басма сөз катчысы Канат Султанов КСДП кайра каттоодон өтпөгөнүн, болгону министрликке түшкөн арыздын негизинде айрым өзгөртүүлөр гана киргенин билдирди.

Сагынбек Абдрахманов жетектеген «Атамбаевсиз КСДП» кыймылы 3-апрелде «КСДПнын кезектеги 18-съезди» деп Бишкекте курултай өткөргөн. Экс-президент Алмазбек Атамбаев жетектеген Кыргызстан социал-демократиялык партиясы аны фейк-съезд деп атап, 6-апрелде партиянын курултайын өткөргөн. (BTo)

XS
SM
MD
LG