18-апрелде Пакистандын түштүк-батышындагы жолдо белгисиз адамдардын автобуска кол салуусунан 14 жүргүнчү мерт болду.
Расмий бийликтин жана маалымат каражаттарынын кабарына караганда, согушкерлер Карачиден Гвадарга бара жаткан автобустун жүргүнчүлөрүн адегенде жерге түшүрүп, документтерин текшерген. Ошондон кийин арасынан тандап өлтүрө баштаган. Алар бул кадамга эмне үчүн барганы белгисиз.
Өлгөндөрдүн арасында жумушка бара жаткан Аскер-деңиз флотунун кызматкерлери да болгон.
Пакистандын өкмөт башчысы Имран Хан кол салууну "теракт" деп атап, жырткычтык менен адам өлтүргөндөрдү тезинен табууну буйруду.
Кол салууга жоопкерчиликти аймактагы куралдуу «Ражи Аахойи Сангар» тобу алды.
Пакистандын мунайга бай Белужистан аймагында улуттук же диний азчылыктарды бутага алган куралдуу топтор жана ислам согушкерлери бар.