Линктер

шейшемби, 25-июнь, 2019 Бишкек убактысы 14:01

АКШ: башкы прокурор Мюллердин Трамп тууралуу отчетун жарыялайт


Башкы прокурор Уильям Барр.

Кошмо Штаттардын Юстиция министрлиги башкы прокурор Уильям Барр 18-апрелде атайын прокурор Роберт Мюллердин 2016-жылкы президенттик шайлоого Орусиянын болжолдуу кийлигишүүсү тууралуу баяндамасынын редакцияланган версиясын чыгарарын жарыялады. Барр жана анын орун басары Род Розенштейт атайын басма сөз жыйынын өткөрүшөрү маалым болду. Буга чейин Мюллердин иликтөөсүн сынга алып келген АКШнын президенти Доналд Трамп Баррдан кийин басма сөз жыйынын өткөрүшү мүмкүн экенин 17-апрелде билдирди.

Мюллер дээрлик эки жылга созулган иликтөөсүнүн жыйынтыгы камтылган, 400 барактан турган отчетту 22-мартта Баррга тапшырган. Андан эки күндөн кийин Барр Конгерсске төрт барактан турган кат жөнөтүп, атайын прокурордун баяндамасында президент Дональд Трамп шайлоодо жеңип чыгыш үчүн Орусия менен байланышта болгону же сүйлөшүп алганы тууралуу фактыларды таппаганын билдирген. Ошол эле убакта, ал катта айтылгандай, бул жыйынтык президентти «актай» да албастыгын билдирген. Демократ мыйзам чыгаруучулар Баррдан 400 барактан турган баяндаманы толугу менен жарыяланышын талап кылып жатышат. Алар Трамп кызматка дайындаган Барр президент тууралуу терс маалыматтарды жашырууга аракет кылып жатат деп тынчсызданышууда.

XS
SM
MD
LG