Эл аралык Валюта Фондунун (ЭВФ) башчысы Кристин Лагард Өзбекстанга май айынын ортосунда келет. Бул тууралуу 17-апрелде Өзбекстандын борбордук банкына шилтеме кылып «РИА Новости» агенттиги кабарлады. Кристин Лагард өлкө бийлиги менен эки тараптуу кызматташтыкты талкуулай турганын Өзбекстандын борбордук банкынын өкүлү айткан.
Бул ЭВФтин башчысынын акыркы 10 жылда Өзбекстандагы алгачкы сапары болмокчу. 2009-жылы Ташкентке уюмдун ошол кездеги башчысы Доминик Стросс-Кан келген.
2007-жылы сентябрда Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев менен Кристин Лагард Нью-Йоркт кездешип, Ташкенттин валюта реформасына техникалык колдоо көрсөтүүнү талкуулашкан.
Ал жолугушууда мамлекеттик бюджеттин кирешесин көбөйтүү, банк системасынын туруктуулугун камсыз кылуу, тышкы соода саясатын либералдаштыруу жана мамлекеттик статистика менен салык тармагын реформалоо маселелерин сүйлөшкөн.
Жакында Өзбекстандын Мамлекеттик салык комитетине ЭВФтин туруктуу кеңешчиси дайындалганы кабарланды. Ал Мамлекеттик салык комитети менен Финансы министрлигине 2019-2023-жылдардагы салык реформасынын стратегиясын иштеп чыгып, ишке ашырууга жардам берет.