Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:09

Кундуз Жолдубаева: КСДПны жөн эле берип койбойбуз


Кундуз Жолдубаева.
Кундуз Жолдубаева.

Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын (КСДП) саясий кеңешинин мүчөсү, партиянын расмий өкүлү Кундуз Жолдубаева Юстиция министрлиги «бийликтин буйругун аткарып жатканын» айтты. Ал бул тууралуу «Медиа Форумда» өткөн басма сөз жыйынында билдирди:

«Биз партияны жөн эле берип коюп, кол куушуруп отуруп калбайбыз. Биз аягына чейин күрөшөбүз. Биз партияны бербейбиз, 2020-жылы шайлоого КСДП менен барабыз».

Юридикалык жактарды каттоо боюнча мамлекеттик бирдиктүү реестрде «Атамбаевсиз КСДП» кыймылынын жетекчиси Сагынбек Абдрахманов КСДПнын лидери деп катталып, партиянын жайгашкан жери (юридикалык дареги) Эркиндик 45 деп өзгөртүлдү.

Юстиция министрлиги Абдрахмановдон КСДПнын жетекчисин, саясий кеӊештин курамын жана саясий партиянын жайгашкан жерин алмаштыруу жөнүндө маалымдама келип түшкөндүктөн партия лидери менен дареги өзгөртүлгөнүн кабарлады. (BTo/ErN)

XS
SM
MD
LG