Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:05

Мамкаттоо: Украинада террор боюнча шектүүлөрдүн кыргыз паспорттору жасалма


Алексей Ломако жана Руслан Кирик деген ат менен берилген паспорттор.
Алексей Ломако жана Руслан Кирик деген ат менен берилген паспорттор.

Мамлекеттик каттоо кызматынын басма сөз катчысы Элиза Кыдырмышова Украинада террордук чабуул уюштуруу үчүн шектүү катары кармалгандардан табылган Кыргызстандын жалпы жарандык паспорттору жасалма экенин билдирди:

«Паспорттордо көрсөтүлгөн жеке идентификациялык номурлар биздин системадан такыр өткөн эмес. Мындай ПИНдер жок. Ал эми паспорттордун серия номурларын текшергенде бул номурлар менен чындап эле паспорттор берилгени аныкталды. Бирок алар кармалган адамдарга эмес, башка кишилерге берилген. Паспорттордун бири такыр эле жараксыз деп чыгып жатат. Биз ушуларга таянып ал паспорттор жасалма деп жатабыз».

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) расмий өкүлү Рахат Сулайманов шектүүлөрдүн биринен алынган паспорт кыргызстандык аял кишиге таандык болгонун айтты. Анын маалыматына караганда, ал паспортун Орусияда 2015-жылы эле жоготуп жиберген. Анын ээси учурда Кыргызстанда.

Украинанын коопсуздук кызматы өлкө аймагында террордук чабуул уюштурмакчы болгон жети кишини кармаганын 17-апрелде билдирди. Алардын экөөнөн Кыргызстандын паспорттору табылган. Украинанын атайын кызматынын расмий сайтына ал документтердин сүрөтү чыгарылды. (BTo)

XS
SM
MD
LG