Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:47

Кыдыралиева: Тоңдогу уран кенинин маселесин өкмөт карап жатат


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Тоң районунун Көк-Мойнок айыл аймагындагы Кызыл-Омпол уран кенинде чалгындоо иштери гана жүрүп жатат.

Бул тууралуу "Азаттыкка" Көк-Мойнок айыл аймагынын башчысы Майрамкүл Кыдыралиева билдирди. Анын айтымында, иштер изилдөөгө алынган лицензиянын негизинде эле жүргүзүлүп жатат:

"Азыр тескерисинче, убактылуу токтотулсун деген чечим болду. Өткөндө ошондой сөз болгон. Бизди губернатор кабыл алган. Ал да жайкы туризм сезону жакындаганына байланыштуу тынчсыздануусун билдирип жатат. Ал жерде кен ишин убактылуу токтотсун деген сүйлөшүү болгон. Аны эми өкмөт карап атат. Азырынча эми андай деле иш болгон жок".

Учурда кенди чалгындап жаткан "Юразия в Кыргызстане" ЖЧКсы Орусия менен Кыргызстандын биргелешкен компаниясы болуп саналат. Анын 60 пайызына орустар ээлик кылса, 40 пайызы Кыргызстанга таандык.

Кенди чалгындоого лицензия 2010-жылы алынган. Чалгындоо иши 2012-жылы башталган. Лицензиянын мөөнөтү 2020-жылы, 31-декабрда бүтөт.

2015-жылы Кызыл-Омполдун “Таш-Булак” тоо-кен участкасы мамлекеттик баланска коюлган. Анда 1632 тонна уран, 3338 тонна торий, 33800 тонна цирконий жана 4102 тонна титан магнитинин запасы бар экени аныкталган.

Буга чейин жергиликтүү тургундар "экологияга зыян келет" деп бир нече жолу нааразылык акциясын өткөргөн. (AsM)

XS
SM
MD
LG