Казакстанда полициянын өкүлү коррупцияга каршы мекеменин кызматкерлерине ок атты. Окуя Алматы облусунда болгону бейшемби күнү расмий тастыкталды.
Маалыматка караганда, полиция кызматкери сейрек кездешүүчү жаныбарлардын терисин мыйзамсыз сатып жүргөн адамдан 2 миң долларга жакын пара сураган.
Колго түшүрүү маалында ал кызматтык тапанчасынан ок чыгарган.
Эч ким жабыркаган жок.
Кылмыш иши козголуп, иликтөө жүргүзүлүп жатат. (RK)