Украин президенттигине талапкер Владимир Зеленский эгер шайлоону утса өлкө НАТОго кириши керекпи же жокпу деген суроону референдумга алып чыгууну убада кылды.
- Биз Европаны карай багыт алдык. Бирок альянска кирүү маселеси боюнча жалпы улуттук бир пикир болушу зарыл. Албетте, НАТО – бул коопсуздук жана аскерлерибиздин деңгээлинин мыктылыгы, бирок мен өлкөнү бириктиргим келет, - деди ал 18-апрелде журналисттердин суроосуна жооп берип жатып.
Ал ошондой эле Украинанын чыгышындагы айрыкча орус тилдүү калкты НАТОга карата терс пикирден арылтууга аракет кыларын кошумчалады.
Украинада президенттик шайлоонун экинчи айлампасы 21-апрелде өтөт.
Талапкерлердин рейтинги тууралуу жүргүзүлгөн жаңы сурамжылоо саясий тажрыйбасы жок актер Владимир Зеленский учурдагы өлкө башчы Петро Порошенкодон озуп чыкканын көрсөттү. (RK)