Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Апрель, 2026-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:26

Чүйдө USAID курган жаңы фабриканын ачылышы болот

Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

АКШнын Эл аралык өнүгүү боюнча агенттигинин (USAID) жардамы менен Чүйдө ири заманбап тигүү фабрикасы түптөлдү.

Бүгүн 19-апрелде ишкананын расмий ачылыш салтанаты өтөт.

Иш-чарага вице-премьер-министр Замирбек Аскаров жана АКШнын Кыргызстандагы элчиси Доналд Лу катышат.

“Кул Брос” деп аталган бул фабриканын жетекчиси Сүймөнкул Жолдубаевдин айтымында, өндүрүлгөн продукция Орусияга жана Казакстанга сатылат:

- Башка фабрикалардан айырмабыз - бардыгы автоматташтырылган. Күнүнө 40 миң даана чыгарабыз деп пландап жатабыз.

USAID агенттиги түрдүү функцияларды аткаруучу 155 заманбап тигүүчү машина сатып берди. Бул жабдыктар экспорт үчүн чоң көлөмдөгү заказдарды бат жана сапаттуу жасоого мүмкүнчүлүк берет.

Фабрикада 350 адам жумуш орду менен камсыз болду. (RK)

XS
SM
MD
LG