Бишкек шаардык соту табып Ашым (Хашим) Зайналиевдин элди өз алдынча дарылашына тыюу салган Бишкектин Октябрь райондук сотунун чечимин күчүндө калтырды. Бул тууралуу «Азаттыкка» Саламаттык сактоо министрлигинин юридикалык бөлүмүнүн башчысы Азамат Жумакеев билдирди.
«Андан тышкары Финполиция Зайналиевдин ишин Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине каттоого алган. Бул иш да сотко өткөрүлүп, Октябрь райондук соту ага 100 миң сом айып салган. Алар «бул чечимдин үстүнөн да кийинки инстанцияга арызданабыз» деп жатышкан. Бирок азырынча белгисиз», - деди Жумакеев.
19-февралда Октябрь райондук соту Зайналиевдин ишмердүүлүгүн мыйзамсыз деп таап, ага элди дарылоого, лицензиясы жок дары-дармектерди колдонууга тыюу салган. Буга райондук прокуратуранын өтүнүчү себеп болгон.
Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгы козгогон кылмыш ишине байланыштуу Зайналиев 2018-жылдын 22-декабрында камакка алынган. Быйыл 21-январда Бишкектин Октябрь райондук соту жабыркоочу тарап доосу жок экенин айткандан кийин табыпка карата кылмыш ишин токтоткон. Ал сот залынан бошотулуп, өлкөдөн чыкпоого милдеттендирилген.
Саламаттык сактоо министрлиги Зайналиевди жоопко тартууну өтүнүп, 2016-жылдан бери Башкы прокуратурага бир нече жолу кайрылган. Эки жолу кылмыш иши козголуп, кайра жабылган. Министрлик ал кайрадан оор дартка чалдыккан бейтаптарды өз алдынча дарылоого аракет кылып жатканын, бул эч бир медициналык талапка шайкеш келбей турганын эскертип келет. (BTo)