Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Октябрь, 2021 шаршемби, Бишкек убактысы 04:14

Бишкекте экологиялык тынчтык жөө жүрүшү өтөт


MoveGreen уюмунун өкүлү Мария Колесникова

22-апрелде саат 17:00дө Бишкекте экологияга арналган тынчтык жөө жүрүшү өтөт. Бул тууралуу MoveGreen уюмунун өкүлү Мария Колесникова "Азаттыкка" билдирди.

Уюштуруучулар жөө жүрүштүн максаты - Жер планетасынын экосистемасына Бишкек шаарынын тургундарынын көңүлүн бурдуруу экенин белгилешти.

"Биз Уркуя Салиеванын эстелигинен Филармонияга чейин басабыз. Ал жерден короолордун бирине бак отургузган соң жөө жүрүшүбүздү Манас көчөсүндөгү Sierra кофеканасында жыйынтыктайбыз. Каалоочулар ыктыярчыларга кийим-кече алып келип, жардам берсе болот" деп жазды Мария Колесникова "Фейсбуктагы" баракчасына.

Дүйнө жүзүндө Жердин күнү 1970-жылдан бери 22-апрелде белгиленип келет. Экология көйгөйүнө көңүл бурдуруу максатында көптөгөн "жашыл" уюмдар бул күнү өз өлкөлөрүндө ар кандай акцияларды уюштурат. (KR)

XS
SM
MD
LG