Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Июль, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:17

УКМК: паспорт чырын саясий нукка буруу аракети жүрүп жатат


Иллюстративдик сүрөт.
Иллюстративдик сүрөт.

Кыргызстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин Коррупцияга каршы кызматы (АКС) учурда паспорт чырын саясий нукка буруу аракети жүрүүдө деп билдирди.

Бүгүн, 19-апрелде аталган кызмат билдирүү таратып, анда эки айга тергөө абагына камалган Мамлекеттик каттоо кызматына караштуу "Инфоком" мамлекеттик мекемесинин жетекчиси Талант Абдуллаев 2016-жылы бир нече жолу тендерде уткан компаниянын өкүлү менен алгач Лондондо, кийин Алматы шаарында жолукканы айтылган.

Билдирүүдө тендерде паспорттун бланктарын даярдоого сумманы аз көрсөткөн компаниялар тандалбай калгандыктан өлкөгө 253 миллион сомдон ашык зыян келтирилгени айтылат.

17-апрелде Биринчи май райондук сотунун чечими менен тендер чырына байланыштуу кармалган Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасынын орун басары Руслан Сарыбаев, статс-катчы Данияр Бакчиев жана «Инфоком» мамлекеттик ишканасынын башчысы Талант Абдуллаев эки айга тергөө абагына камалган. Алар паспорт бланктарын даярдоо боюнча тендерде “белгилүү бир компаниянын кызыкчылыгына аракет” кылышкан деп айыпталып жатышат.

XS
SM
MD
LG