Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Декабрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:00

Катта-Туз кенин «Кыргызмунайгаз» иштетүүнү пландап жатат


Кыргыз-тажик чек арасындагы Катта-Туз мунай кени. Архивдик сүрөт. 2013-жыл.
Кыргыз-тажик чек арасындагы Катта-Туз мунай кени. Архивдик сүрөт. 2013-жыл.

Баткен облусунун Лейлек районундагы Катта-Туз мунай кенин иштетүү боюнча «Кыргызмунайгаз» сүйлөшүү жүргүзүп жатканын аталган ишкананын жетекчиси Рашид Бостонов “Азаттыкка” билдирди.

- "Ал жерде Тажикстандын жумушчулары иштеп жатат” деген маалымат туура эмес. Катта-Туз кени кыргыз-тажик чегиндеги такталбаган аймакта болгону менен 2015-жылдан бери “Кыргызмунайгаздын” карамагында турат. Аны тастыктаган колубузда жашыл китеп бар. Учурда газ чыга турган 205-скважинаны толугу менен жаап, өзүбүздүн жергиликтүү тургундарга газ берүүнүн үстүндө иштеп жатабыз. “Газпром” ишканасынын жетекчилиги менен сүйлөшүп, алардын газ кууруларын колдонуу менен газды реалицазиялоонун аракетиндебиз. Ал эми талаштуу 52-скважина боюнча Тышкы иштер министрлиги аркылуу Тажикстандын Тышкы иштер министрлигине кат жөнөтүлгөн. Бул маселе дипломатиялык жол менен чечилип жатат, – деди Бостонов.

Жаӊы-Жердеги Катта-Туз участогундагы 1974-жылдан бери Тажикстан иштетип келген 20 гектарга чукул жерде кара май сордура турган тогуз куур жана табигый газ алуучу беш скважина 2013-жылы талашка түшүп, кийин эки өлкөнүн өкмөтү мунасага келген соң, тажик тарап кенди таштап чыгып кеткен. 2015-жылы Кыргызстандын Мүлк фондунун чечими менен “Кыргызмунайгаз” ишканасынын эсебине убактылуу өткөрүлүп берилген.

Буга чейин Кыргызстандын мурдагы вице-премьер-министри, учурдагы акыйкатчы Токон Мамытов "Азаттыкка" курган маегинде Катта-Туз мунай кенин тажикстандыктар колдонуп жүргөнүн билдирген. (RsK/KR)

XS
SM
MD
LG