Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Декабрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 03:13

Ливия өкмөтү Хафтарды кармоого буйрук берди


Халифа Хафтар
Халифа Хафтар

Эл аралык коомчулук тааныган Ливия өкмөтү 18-апрелде армия башчысы, фельдмаршал Халифа Хафтарды камоого буйрук берди.

Аскердик прокуратура Улуттук армиянын башчысын жана анын алты жардамчысын баш калаа Триполиге жасалган аба чабуулу үчүн айыптап жатат.

Апрелдин башында Хафтардын армиясы өкмөт отурган Триполи шаарын алуу үчүн чабуулдарын баштаган. Анын кесепетинен 200дөн ашуун адам өлүп, 25 миңдей киши шаарды таштай качышты.

2011-жылы жарандык согуш башталып, өлкөнүн жетекчиси Муаммар Каддафи өлтүрүлгөндөн кийин Ливиянын бир бөлүгүн парламент жана Хафтардын армиясы, калган аймактарын, анын ичинде Триполини эл аралык коомчулук тааныган өкмөт көзөмөлдөйт.

XS
SM
MD
LG