Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 22:47

Саляновдун өлүмү боюнча сот 14-майга жылдырылды


Саляновдун өлүмү боюнча соттук отурум.
Саляновдун өлүмү боюнча соттук отурум.

Кыргызстандын мурдагы башкы прокурору, Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Аида Салянованын бир тууганы Улан Саляновдун өлүмү боюнча соттук отурум 14-майда улана турган болду.

Бүгүн Кылмыш иште күбө катары өтүп жаткан Олег Тярт шектүү Эрмек Осмонкуловдун жогорку кызмат адамдарын жок кылуу боюнча сунуш түшкөнү боюнча кабары бар экенин айткан. Бирок Аида Салянова "күбө башында "жогорку кызмат адамдарынан буйрутма түшкөн" деп көрсөтмө берип, азыр "жогорку кызмат адамдарын жок кылууга буйрук түшкөн деп" өзгөртүүдө" деп күбөнү айыптап чыккан.

42 жаштагы Улан Саляновду 2017-жылы 6-ноябрда Бишкектин четинде жайгашкан Көк-Жар конушундагы үйүнө кирип, атып кетишкен. ​

ИИМ бул кылмыш үчүн үч киши шек саналып жатканын кабарлаган. Алар - Эрмек Осмонкулов, Асанэмир Абыкулов жана Заур Насруллаев. Мекеменин маалыматына караганда, Эрмек Осмонкулов (1986-жылы туулган) 2017-жылдын 27-декабрында Бишкектен, Асанэмир Абыкулов 2018-жылдын январында Москвадан кармалган. Учурда Абыкулов Москвадан алынып келине элек. Үчүнчү шектүү Заур Насруллаев Орусиянын Екатеринбург шаарынан быйыл августта кармалган. Улан Саляновдун өлүмү боюнча соттук териштирүү былтыр сентябрь айында башталган. (TSh/KR)

XS
SM
MD
LG