Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 01:55

Шанахан: Түндүк Корея баллистикалык ракета сынаган жок


Патрик Шанахан
Патрик Шанахан

Кошмо Штаттардын коргоо министринин милдетин аткарып жаткан Патрик Шанахан жакында эле Түндүк Кореяда сыноодон өткөрүлгөн курал баллистикалык ракета болбогонун ырастады. Ошол эле маалда Шанахан кеңири маалымат берүүдөн баш тартты.

17-апрелде Түндүк Кореянын мамлекеттик маалымат каражаттары өлкө лидери Ким Чен Ындын жетекчилиги менен "кубаттуу дүрмөттү" алып жүрүүгө ылайыкташкан курал сыналганын билдиришкен.

Жаңы сыноо Вашингтондо Түндүк Кореянын өзөктүк куралы боюнча сүйлөшүүнү жандантуу аракеттери болуп жаткан учурга туш келди.

Өткөн аптада Ким Чен Ын АКШ президенти Дональд Трамп менен үчүнчү саммитти өткөрүүгө даяр экенин билдирип, бирок ал үчүн Америка тарап мамилесин өзгөртүүгө тийиш экенин ишара кылган.

Февралдын акырында Ханойдо Ким Чен Ын менен болгон экинчи жолугушууда президент Трамп саммитти чукулунан токтотуп, биргелешкен билдирүү жасоодон баш тарткан.

XS
SM
MD
LG