Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:42

АКШ прокуратурасы Бутинаны 1,5 жылга абакка кесүүнү сунуштады


Мария Бутина.
Мария Бутина.

АКШ прокуратурасы орусиялык Мария Бутинаны 18 айга абакка кесүүнү сотко сунуш кылды. Сотто төрагалык кылган судья Таня Чаткэнге Бутинанын ишине байланыштуу жөнөтүлгөн документте “Бутинаны 18 айга түрмөгө кесүүнү сунуштайбыз” деп жазылган.

Жума күнү адвокат Бутинага карата өкүмдү кечеңдетпей чыгарууну талап кылган. Эми жыйынтыктоочу чечим Чаткэнге көз каранды. Тогуз айдан бери камакта отурган Бутинага өкүм чыгаруу мөөнөтү 26-апрелге белгиленген.

АКШда магистратурада окуп жүргөн орусиялык студент, орусиялык «Курал укугу» деп аталган уюмдун мүчөсү Бутина былтыр июлдун ортосунда кармалган. Ал «саясий топторго таасир этүүгө аракеттенген», «чет элдик агент» деп айыпталган. Мындан тышкары ага каттоодон өтпөгөн «чет элдик агент», «чет элдик тыңчылар менен кызматташкан» деген кине коюлган.

Ал буга чейин чет элдик агенттер жөнүндө америкалык мыйзамды бузганын мойнуна алган. Калган айыптарды, анын ичинде «Орусиянын кызыкчылыгын мыйзамсыз сүрөгөн» деген дооматты четке каккан.

Тергөөнүн маалыматына караганда, Орусиянын Борбордук банкынын мурдагы төрага орун басары, экс-сенатор Александр Торшин менен байланышып, АКШдагы таасирдүү «Улуттук курал ассоциациясы» аркылуу орустардын кызыкчылыгына кызмат кылган. Торшин бул иш боюнча айыпталган эмес, ал АКШ былтыр апрелде киргизген санкцияга илинген. Орусиянын Тышкы иштер министрлиги Бутинаны «саясий туткун» деп атаган.

Коргоочу тарап ал ушул убакытка чейинки абакта отурган мөөнөтү эсептелип, АКШдан чыгарылат деп үмүттөнүүдө.

XS
SM
MD
LG