АКШнын түштүк аймагындагы штаттарда орун алган бороон беш кишинин өмүрүн алды.
Бул тууралуу жума күнү “Ассошиэйтед Пресс” агенттиги жазды. Мунун алдында “Си-эн-эн” телеканалы үч киши өлгөнүн кабарлаган. Маалыматка караганда, Миссисипи штатында үч, Алабамада бир, Флоридада бир киши каза болгон. Алабама, Флорида жана Жоржия штаттарында баштаганган бороон, Миссисипи, Түштүк жана Түндүк Королина, Виржинияга да тарап жатканын “Ассошиэйтед Пресс” жазды.