Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:21

Трамп Триполиге чабуул койгон күчтөрдүн башчысы менен сүйлөштү


БУУнун Баш катчысы Антониу Гуттереш (оңдо) жана Халифа Хафтардын жолугушуусу. 5-апрель 2019.
БУУнун Баш катчысы Антониу Гуттереш (оңдо) жана Халифа Хафтардын жолугушуусу. 5-апрель 2019.

АКШ президенти Дональд Трамп өкмөт отурган Триполи шаарын алыш үчүн чабуулдарын баштаган “Ливия улуттук армиясы” деп аталган армиянын башчысы Халифа Хафтар менен телефондон сүйлөштү.

CNNдин маалыматына караганда, сүйлөшүү дүйшөмбү күнү болгон менен маалыматты жума күнү гана таратты.

Ак үй тараткан билдирүүдө “Президент Трамп фельдмаршал Хафтардын Ливиянын мунай ресурсунун коопсуздугун камсыз кылуу жана терроризмге каршы күрөшүүдөгү ролун тааныганы” айтылат.

Сүйлөшүү учурунда терроризмге каршы күрөшүү, мунай ресурстарынын коопсуздугун камсыз кылуу жана Ливиянын саясий келечеги тууралуу сөз болгону белгиленген.

Апрелдин башында Ливиянын Халифа Хафтар жетектеген армиясы өкмөт отурган Триполи шаарын алыш үчүн чабуулдарын баштаган. Анын кесепетинен ондогон адам өлүп, түмөндөгөн адамдар шаарды таштай качты.

Ак үйдүн билидрүүсүндө Хафтардын Триполиге чабуулу тууралуу сөз болгону айтылган эмес.

XS
SM
MD
LG