Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 08:22

КСДП Текебаевдин ишинин кайра каралышына каршы эмес


Өмүрбек Текебаев.
Өмүрбек Текебаев.

Кыргызстан Социал-демократиялык партиясы абактагы саясатчылар Өмүрбек Текебаев, Дүйшөнкул Чотонов, Садыр Жапаров жана башка саясатчылардын кылмыш иштеринин кайра каралып чыгышына каршы эмес.

Партиянын саясий кеңеши экс-президент жана КСДП төрагасы Алмазбек Атамбаевдин “кылмыш иштери боюнча жаңы жагдайлар ачылган учурда, алар укук коргоо жана сот органдары тарабынан толук бойдон мыйзамга ылайык гана каралышы керек” деп айткандарына тилектештигин билдирет.

Бул маселе Саясий кеңештин 19-апрелдеги жыйынында каралды.

“Мамлекет кимдин ким экенине, анын саясий позициясына карабай туруп, адилет соттук териштирүүнү камсыз кылууга милдеттүү. Ошондой эле жаңы кодекстер, ошондой эле башка мыйзамдар бүтүндөй бир катар кылмыш иштерин кайрадан карап чыгууга мыйзамдуу негиз берерин жана мыйзамдын бул нормаларын активдүү колдонуу зарыл экенин белгилейт”, - деп жазылат кеңештин чечиминде.

Партиянын саясий кеңешинин мүчөсү, партиянын төрөга орун басары Кундуз Жолдубаева бул чечим бурмаланып жатканын “Азаттыкка” билдирди.

"Саясий кеңештин чечимин башкача бурмалап жатышат. КСДП жана Атамбаев Текебаевге боштондук сурады" деген таризде сөз кылып жатат. Буга мындайча түшүндүрмө берип кетет элем, биз резонанстуу кылмыш иштеринин кайра каралып чыгышына каршы эмеспиз деген позицияны гана билдиребиз".

«Ата Мекен» фракциясынын лидери Алмамбет Шыкмаматов партиянын камактагы төрагасы Өмүрбек Текебаевдин жактоочулары саясатчынын ишин жаңы ачылган жагдайларга байланыштуу кайра карап чыгуу боюнча Башкы прокуратурага кайрылганын «Азаттык» радиосуна билдирген.

Өмүрбек Текебаев менен мурдагы министр Дүйшөнкул Чотонов 2017-жылы орусиялык жаран Леонид Маевскийдин "1 миллион доллар пара алган" деген көрсөтмөсүнүн негизинде «Коррупция» беренеси менен айыпталып, сегиз жылга соттолгон.

Алардын адвокаттары 2018-жылы ишти жаңы ачылган жагдайлардын негизинде кайра кароо тууралуу өтүнүч жиберип, бирок Башкы прокуратура андан баш тарткан. Башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов прокуратура Өмүрбек Текебаевдин ишин кайра карап чыгууга даяр экенин 17-апрелде Жогорку Кеңеште билдирген билдирген. (КЕ)

XS
SM
MD
LG