Ооганстандын борбору Кабулда жардыруу болуп, ок атышуу менен коштолду. Бул тууралуу “Азаттык” радиосунун ооган кызматына полициянын басма сөз катчысы билдирди.
Маалымат технологиялар жана байланыш министрлигинин жанындагы жардыруунун себептери айтылган жок. Ички иштер министрлигинин басма сөз катчысы Насрат Рахими министрликтин тегерегиндеги ок атышууну ырастаганы менен кошумча маалымат айтпады.
“Саат 11:40тар чамасында Байланыш министрлигинин жанында жардыруунун доошу угулган жана маал-маалы менен бул райондо өрт чыгып жатат”, - деген Рахими.
Жардыруу катуу кайтарылган “Сирена” отелинен алыс эмес жерде катталган. Бул чет элдик туристтер жаткан саналуу мейманканалардын бири.
Соңку кол салуу талибдер жазгы чабуулун баштай турганын жар салгандан бир жума өтпөй катталды.
Батыш өлкөлөрү колдогон Кабул өкмөтү 2014-жылы ооган жергесинен НАТО күчтөрү чыгып кеткенден кийин өлкөдөгү “Талибан” баштаган куралдуу топтордун мизин кайтара албай, кармаш жүрүп жатат.