Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Июль, 2026-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 07:43

Украинада президенттик шайлоонун экинчи туру өтөт

Петр Порошенко менен Владимир Зеленский.
Петр Порошенко менен Владимир Зеленский.

Украинада бүгүн, 21-апрелде президенттик шайлоонун экинчи туру өтөт. 18-апрелде жүргүзүлгөн сурамжылоонун жыйынтыгына караганда, шайлоочулардын 57,9% Владимир Зеленскийге, 21,7 пайызы азыркы президент Петро Порошенкого добуш берүүгө даяр экенин көрсөткөн.

19-апрелде талапкерлер Владимир Зеленский менен Петр Порошенко дебатка чыгып, бир саат бою өлкөнүн акыркы беш жылы, келечеги, көбүнесе бири-биринин жоруктары тууралуу айтышты. Дебат Киевдеги 70 миң кишилик «Олимпийский» стадионунда өттү.

Президенттик шайлоонун биринчи айлампасы 31-мартта өтүп, экөө 39 талапкердин ичинен суурулуп чыгышкан.

XS
SM
MD
LG