Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:52

Украин шайлоосу: дебатта тизелеген талапкерлер


Зеленский менен Порошенко чөгөлөп жаткан ирмем. 19-апрель, 2019-жыл. Киев, Олимпийский стадионундагы дебат.
Зеленский менен Порошенко чөгөлөп жаткан ирмем. 19-апрель, 2019-жыл. Киев, Олимпийский стадионундагы дебат.

Украина президенттигине талапкерлер Владимир Зеленский менен Петр Порошенко дебатка чыгышты. Бир саат бою эки талапкер Украинанын акыркы беш жылы, келечеги, көбүнесе бири-биринин жоруктары тууралуу айтышты.

Зеленскийдин армияга барбай коюусу

“Сиз жаш аскердин курсун баштадым дейсиз. Бирок балким эртерээк, төрт жыл мурда, сиз, Владимир, чакыруудан качып жүргөндө баштасаңыз болот беле?” – деп Порошенко Зеленскийди армиядан качууга айыптоодо.

"Кантип ал өлкөнүн башкы колбашчысынын милдетин аркалай алат?" - деп да кошумчалады Порошенко.

"Эгер фронтто болгонуңузда Дебальцеводо эмне болуп жатканын, Иловайскта эмне болуп жатканын билмексиз”, – деген Порошенко атаандашы Украинанын чыгышында өкмөттүк күчтөр менен жикчилдер салгылашып жаткан жерде болбогонун баса айтты.

“Мен эч кимден жашырынган эмесмин, мен коомго ачык адаммын. Эмнеге калп айтып жатасыз, сиз президент эмессизби?”, - деген Зеленский армия тууралуу суроого жооп кайтарды.

“Мен уулу фронттон келбей калган ар бир эне үчүн, атасы келбей калган ар бир бала үчүн тизелегенге даярмын”, - деген Зеленский дебат ортолоп калганда күтүүсүздөн бир кадам алдыга чыгып чөгөлөй калды. Ошол ирмемде Порошенко да ары карап, чөгөлөп туруп Украинанын желегин өптү.

Порошенконун жетишкендиктери

“2014-жылы өлкөнү кандай абалда алганымды билгениңиздеби. Алтын-валюта резерви жок, армиясы жок, бюджети жок”, - деген Порошенко ийгиликтерин санады.

“Петр Алексеевичтин жетишкендиктери көп: томос, тил, визасыз режим. Бирок бул жетишкендиктердин баарын ал өзүнө жазып жатат. Менимче, бул силердин жетишкендик”, - деп Зеленский элге кайрылды.

Дебатты жеринен көрүүгө келген эл.
Дебатты жеринен көрүүгө келген эл.

Орусия менен мамиле

“Мен жетектеген беш жылда Украинада андан мурдагы жыйырма беш жылдагыдан көптү жасадык. Ошол учурда сиз кайда элеңиз? Орусиядабы?”, - деп суроо салды Порошенко.

“Сиз ал учурда орусиялык бюджеттен акча алып, өзүңүздүн тамашаларыңызда Украинаны сойку катары сыпаттагансыз”, - деп Зеленскийге узаткан суроосуна илгиртпей өзү жооп берди Порошенко.

“Мен согуш башталгандан бери Орусияда боло элекмин. Бул - калп”, - деп Зеленский Орусиядагы концерттери тууралуу айыпка жооп узатты.

“Сизден айырмаланып өмүрүмдө Путин менен сүйлөшкөн эмесмин. Сиз аны менен жеке жана Медведчук аркылуу сүйлөшкөнсүз”, - деп Зеленский атаандашын жарга такоого аракеттенди.

Коррупция жөнүндө

"Президент олигарх болбошу керек. Ал Украина элинин өкүлү болушу зарыл. Украинада бардык телеканалдар олигархтардыкы", - деп Зеленский бир четинен санай келип, миллиардер Порошенкону да колу менен көрсөттү.

“Сиздин айланаңыздагылардын бирин да саясатта болтурбоо үчүн муштум түйүп, бекем турам”, - деди Зеленский Порошенконун достору тууралуу сөз жүргөндө.

“Менин бир дагы досумдун коррупцияга тиешеси болбойт. Анткени анда эле ал менин досум болуудан калат”, - дейт Порошенко.

“Мен башкесер да, сот да эмесмин. Президент чынчыл сот үчүн шарт түзөт”, - деди Порошенко коррупцияга аралашкан досторуңуз соттолобу деген суроого.

“Прокурордун сурагында боло тургандай эч нерсе кылган жокмун. А сиз балким ошол жерде болушуңуз мүмкүн”, - деп Зеленский шайлоодон кийинки мезгилди ишара кылды.

“Эгер Коломойский күнөөлүү болсо да, баары темир тор артына отурат. Бирок мыйзам бузганда отурушат”, - дейт Зеленский коррупция менен кантип күрөшөрү тууралуу сөзүндө.

Зеленский көп суроолорун алдын ала кагазга жазып келиптир
Зеленский көп суроолорун алдын ала кагазга жазып келиптир

Зеленскийдин саясий тажрыйбасыздыгы тууралуу

“Учкучу креслого “үйрөнгөнү отурдум” деген самолетко түшмөк белеңиз? “Эми гана окуп жаткан” хирургдун бычагынын алдына жатмак белеңиз? Өлкөбүздү шылдың кылбаңыз”, - деди Порошенко Зеленскийдин президенттик орунду “жаңы окуп үйрөнөрү” тууралуу сөзүндө.

“Курулай айыптоодон тышкары биз Зеленскийден эч нерсе укпадык. Сиздин айыптоолоруңуздан улам өткөн чак менен жашап, жалганды таратып жатканыңыз түшүнүктүү”, - деди Порошенко аяк ченинде.

“Сиз Голобородько эмессиз, бул жакка троллейбуста же велосипед менен келген жоксуз. Сиз олигархтардын жолшеригисиз, тагыраагы алардын биринин” , - деп Порошенко атаандашынын артында олигарх Коломойский турат деген ырастамасын кайталады жана Зеленскийдин “Элдин кулу” телесериалында аткарган ролу тууралуу кеп салды.

“Эмнеге декларацияңызды жарыялаган жоксуз? Эмнеге украин элинен жашырынып жатасыз?” - деп Порошенко Зеленскийдин байлыктарына кызыкты.

“Сиз мени мүшөктөгү мышыксың дедиңиз. Кой терисин жамынган карышкырдан көрө мүшөктөгү мышык болгон артык”, - деп Зеленский Порошенконун адеп сөз алгандагы айыптоосун жоопсуз калтырбады.

“Сиз украиндерди хохолдор, Украинаны сойку дедиңиз эле. Бир ирет Кадыровду таарынтып алып, дароо кечирим сурагансыз. А украиналыктардан качан кечирим сурайсыз?” - деген Порошенко Зеленскийдин чыгармаларындагы скетчтеринин мазмунун аңтарды.

"Мырза Порошенко, 2014-жылы сизге добуш бердим эле. Ошондо мыкты оратор, финансист Порошенкого добуш берген элек, кийин экинчи Порошенко пайда болду. Биринчи Порошенко коммуналдык төлөмдөрдү азайтып, экинчи Порошенко көтөрдү",- деп билдирди Зеленский. Андан ары президент Порошенко мурдагыдан 82 эсе көп байлык топтогонун, бизнеси гүлдөгөнүн айтты.

"Мен сиздин оппонентиңиз эмес, сиздин катаңыздын натыйжасымын”, - деп Зеленский эски саясатчылардан эл тажаганы үчүн тажрыйбасыз жаңы жүздөрдү тандап жатканына басым жасады.

Алгачкы жолугушуу

Дебат Киевдеги 70 миң кишилик “Олимпийский” стадионунда өттү. Талапкерлер үчүн өзүнчө эки сахна жасалган эле. Жуп беттеш башталар алдында Порошенко Зеленский турган сахнага басып келди. Бул эки талапкердин шайлоо кампаниясы башталгандан берки биринчи бетме-бет келип, кол кысышуусу болду.

Президенттик шайлоонун биринчи айлампасы 31-мартта өтүп, экөө 39 талапкердин ичинен суурулушкан.

Экинчи айлампа 21-апрелге белгиленген.

53 жаштагы Петр Порошенко экинчи президенттик мөөнөткө ат салышууда. Ал өзүн күчтүү кол башчы, Орусияга татыктуу каршылык көрсөтө алган лидер катары сыпаттап келе жатат.

41 жаштагы актер жана куудул Владимир Зеленский мамлекеттик кызматта иштеген эмес. Ал өзү негиздеген «Квартал-95» студиясы менен концерттерди коюп, элге куудулдук өнөрүн, телесериалдарын тартуулап келди. 2014-жылы Европага ык алган тарапты колдоп, жарандык позициясын да билдирген. Өзүн жаңы муундун өкүлү, келечектеги карапайым президент катары көрсөтүп жатат.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG