Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:09

Порошенко менен Зеленскийдин дебаты


Петро Порошенко (солдо) менен Владимир Зеленский.
Петро Порошенко (солдо) менен Владимир Зеленский.

Дебат Киевдеги 70 миң кишилик “Олимпийский” стадионунда өттү. Президенттикке талапкерлер Петро Порошенко менен Владимир Зеелнский шайлоо кампаниясынын жүрүшүндө алгач ирет кол кысышып, бетме-бет көрүштү.

Дебатты 19-апрелде, кечки 7де өткөрүүнү Владимир Зеленскийдин штабы сунуштаган.

Талапкерлер үчүн өзүнчө эки сахна жасалган. Бирок Петро Порошенко басып келип Зеленскийдин колун кысып, жанында турат.

Чүчүкулактын негизинде биринчи болуп сөз алган Зеленский 2014-жылы Порошенкого добуш берип, терең жаңылганын билдирди. Ал ошол маалда "мыкты оратор, финансист Порошенкого добуш беришкенин, эми бирок экинчи Порошенко пайда болгонун, биринчи Порошенко коммуналдык төлөмдөрдү азайтып, экинчи Порошенко көтөргөнүн" билдирди. Андан ары Зеленский президент Порошенко мурдагыдан 82 эсе көп байлык топтогонун, бизнеси гүлдөгөнүн айтты.

"Петр Алексеевич мен сиздин жаңылыштыгыңыздын жыйынтыгымын" деп сөзүн бүтүрдү Зеленский.

Талапкер Петр Порошенко атаандашы Владимир Зеленский дебатка араң келгенин, акыры жолугушканын, Зеленский штабындагылардын артына жашынып жатканын белгиледи. Ал дебаттын алгачкы беш мүнөттүк киришүү сөзүн Зеленскийден кийин алды.

"Кантип ал өлкөнүн башкы колбашчысынын милдетин аркалай алат?" деген президент төрт жыл мурда эл ыктыярчыларга зар болуп турганда Зеленский аскерден качкан деп билдирди.

"Ал алсыз башкаруучу" деп сындады атаандашын.

Ошондой эле Зеленскийге эл аралык коомчулукта аброю жок деп баа берди.

Ушул тапта Украинада президенттикке талапкер Зеленский менен Порошенконун дебаты өтүүдө.

Украинада президенттик шайлоонун биринчи айлампасы 31-мартта өтүп, экөө 39 талапкердин ичинен суурулушкан.

Экинчи айлампа 21-апрелде болот.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG