Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:21

Украина: талапкерлердин тиреши курчуду


Петр Порошенко 14-апрелде сахнаны жалгыз ээледи.
Петр Порошенко 14-апрелде сахнаны жалгыз ээледи.

Украинадагы президенттик шайлоонун экинчи айлампасы өтөрүнө саналуу күндөр калды. Бирок талапкерлер ушул кезге чейин эрөөлдө бет келише элек. 14-апрелде стадионго Петр Порошенко келди, бирок Владимир Зеленский келбей койду.

Музыканын коштоосунда калың элди аралап өтүп, сахнага чыгып өзү да бийлеп жиберип, айтор Петр Порошенконун маанайы жакшы болду. Чогулгандарга тынбай ыраазычылык билдирип, ал эми атаандашын "чымчып" турду:

«Владимир Александрович, Киевдин үнүн сезип жатсаңыз керек. Украинанын добушун сезип жатсаңыз керек», - деди Порошенко чогулгандардын кыйкырык-сүрөөсүнө дем берип.

Зеленский тарап 14-апрелде дебат эмес, Порошенконун "үгүт өнөктүгү болду" деп билдирди
Зеленский тарап 14-апрелде дебат эмес, Порошенконун "үгүт өнөктүгү болду" деп билдирди

Порошенко сахнаны жалгыз ээлеп, каалашынча сүйлөөгө мүмкүнчүлүк алды:

«Владимир Александрович, азыр бизди көрүп жатканыңызды билем. Парижден кайтып келип, эс алсаңыз керек. Жаңы күч менен демократиянын маанилүү элементи – дебатка катышарыңызга үмүттөнөм. Сиз тандаган жерде саат үчкө чейин күтөм».

Дебатты Киевдеги негизги «Олимпийский» стадионунда өткөрүүнү жаш талапкер өзү сунуштаган. Бирок келбей койгонунун себебин Зеленскийдин штабынын өкүлү Дмитрий Разумков «Интерфакс-Украина» агенттигине мындайча чечмелеп берди:

«Биз Петр Алексеевичке 19-апрелде кечки саат жетиде «Олимпийскийден» күтөбүз деп айтканбыз. Келүүгө мүмкүнчүлүк табар деп туралы. Эгер антпесе Петр Алексеевич жөн гана дебаттан качкысы келгендей болот. Ал жерде бүгүн Зеленский болбой турганы мурдатан эле белгилүү болчу».

Украинадагы шайлоо эрежеси боюнча дебат 19-апрелде негизги коомдук телеканалдын студиясында өтүшү шарт. Президент Порошенко 19-апрелде дал ошол жерде болорун бир нече ирет айткан. Бирок Владимир Зеленский жана анын штабы бул убакта стадионго гана барарын, ал жерде сөз таймашты көбүрөөк эл көрө аларын ырастап келет.

Владимир Зеленский Франция президенти Эммануэль Макрон менен жолугууда. Париж, 12-апрель, 2019-жыл.
Владимир Зеленский Франция президенти Эммануэль Макрон менен жолугууда. Париж, 12-апрель, 2019-жыл.

Ошентип азырынча эки талапкер бетме-бет чыгып, өз программалары боюнча жүйө талаша элек. Аз күн мурда жергиликтүү телеканалга Порошенко келип, Зеленскийди телефондон байланышка чыгарышкан. Экөө тең сөзгө конок бербей айтыша кетип, конструктивдүү диалог болгон эмес.

Украинадагы “Пента” саясий изилдөөлөр институтунун жетекчиси Владимир Фесенко ушул жана башка көрүнүштөргө мындайча баа берди:

“Тилекке каршы кырдаал абдан курч. Экинчи тур жаңжалдуу өтүп жатат. Президенттин командасы көптөгөн ыплас ыкмаларга жол берүүдө. Бул анын абдан артта калганына байланыштуу. Ошон үчүн президенттин командасы Зеленскийге карата чоң колдоону түрдүү, дайыма эле таза болбогон жол менен азайткысы келет. Көптөгөн такталбаган же жалган негативдүү маалыматтар таратылууда. Анын ичинде наркоманияга айыптоо сыяктуу. Мунун баары дурус эмес жана терс жагдай түзүүдө. Мындай ыкмалардан улам талапкерлердин бири дебатка макул болот деп айтуу оор".

Макрон менен 12-апрелде Порошенко да жолуккан
Макрон менен 12-апрелде Порошенко да жолуккан

53 жаштагы Петр Порошенко таттуу сатып байыган миллиардер. Ал Украинаны беш жыл башкарды. Ага чейин өлкөнүн Экономика, Тышкы иштер министрликтерин, Улуттук банкты жетектеген. Жогорку Раданын төрт чакырылышына депутат болгон. Өзүн күчтүү кол башчы, Орусияга татыктуу каршылык көрсөтө алган лидер катары сыпаттайт.

41 жаштагы Владимир Зеленский мамлекеттик кызматтарда иштеген эмес. Өзү негиздеген “Квартал-95” студиясы менен концерттерди коюп, куудулдук өнөрүн, телесериалдарын тартуулап келди. 2014-жылы Европага ык алган тарапты колдоп, жарандык позициясын да билдирген. Өзүн жаңы муундун өкүлү, болочоктогу карапайым президент катары көрсөтүп келет.

11-апрелде “Рейтинг” социологиялык тобу биринчи айлампадан кийинки алгачкы сурамжылоосун жарыялады. Анда экинчи турда добуш берем дегендердин 61% Зеленскийди, 24% Порошенкону колдой турганын билдиришкен.

Шайлоонун биринчи турунда Зеленский 30,2%, ал эми Порошенко 15,9% добуш алышкан.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG