Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:41

Сирияда диний радикалдар 50 аскерди өлтүрүштү


Алеппо. 2018-жыл. Архив.
Алеппо. 2018-жыл. Архив.

Сирияда диний радикалдардын кол салуусунан 50дөй аскер жана алардын өнөктөштөрү курман болду. Бул тууралуу ишембиде адам укуктарын коргогон байкоочу топ билдирген. Кол салгандардын арасында «Ислам мамлекети» аттуу экстремисттик тобунун өкүлдөрү болгон. Сирияда адам укуктарынын бузулушуна көз салган борбордун маалыматына караганда, 20-апрелде Алеппонун чыгышында эле 21 аскер өлтүрүлгөн.

Алеппонун тегерегинде атышууну токтотуу боюнча келишимге былтыр сентябрда кол коюлганы менен ал аткарылбай жатат.

18-апрелде ашынган исламчыл топтор Хомс провинциясындагы өкмөттүн аскер отрядында кол салып, 27 киши каза болгон. Маалыматтарда алардын төртөө офицер экени айтылат.

XS
SM
MD
LG