Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Сентябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 13:28

Түркиянын оппозиция лидерине кол салуу болду


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Түркиянын Республикалык элдик партиясынын лидери Кемал Кылычтароглу Анкара шаарында каза болгон офицердин жаназасында белгисиз бирөөлөрдөн токмок жеди.

Учурда лидер окуя болгон жердин жакынында бир үйдө коопсуздук кызматкерлер тарабынан курчоого алынды. Кылычтароглунун ал-акыбалы тууралуу маалымат бериле элек.

Анкара шаарынын полиция кызматы кол салган шектүүлөрдү издөө боюнча иш баштады.

Түркиянын негизги оппозициячыл Республикалык элдик партиясынын лидери Кемал Кылычтароглу бул уюмду 2010-жылдан бери жетектейт. (ElB)

XS
SM
MD
LG