Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:12

Элдик курултай жөнүндө мыйзам долбоору иштелип чыгат


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

20-апрелде курултай өткөрүү боюнча жоболорду иштеп чыгуу максатында түзүлгөн жумушчу топтун жыйыны өттү. Анда топтун мүчөсү Кадыр Кошалиев баяндама жасады. Бул тууралуу президенттин расмий сайтында жазылды.

Жумушчу топтун жыйынында курултай институтунун статусун аныкташ үчүн элдик курултай жөнүндөгү мыйзам кабыл алыш керек экендиги белгиленип, тийиштүү тараптардын катышуусунда мыйзамдын долбоору талкууланмай болду.

2019-жылдын 15-февралында курултай өткөрүү боюнча жоболорду иштеп чыгыш үчүн жумушчу топ түзүлгөн. Ал топту президенттин парламенттеги өкүлү Курманбек Дыйканбаев жетектейт. Ага депутаттар, коомдук ишмер, саясатчылар мүчө болуп киришкен.

Кыргызстанда жыл сайын ар кандай саясий күчтөр курултай өткөрүп, бийликке баа берип, ар кандай саясий талаптарды коюп келет. (TSh)

XS
SM
MD
LG