Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Июль, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 16:06

Уран маселеси КСДПнын митингинде да көтөрүлдү


Өкмөттүк комиссия Кызыл-Омпол уран кенинде. 20-апрель, 2019-жыл.
Өкмөттүк комиссия Кызыл-Омпол уран кенинде. 20-апрель, 2019-жыл.

Ысык-Көлдөгү Кызыл-Омпол уран кенин иштетүүгө каршы чакырык Кыргызстан социал-демократиялык партиясындагы лидер талашка байланыштуу (КСДП) Бишкекте уюштурулган митингде да көтөрүлдү.

22-апрелде Юстиция министрлигинин тынчтык акциясына чыккандар уранды иштетүү азыркы бийликтин чоң катасы болорун эскертишти.

Ысык-Көлдүн Көк-Мойнок айыл аймагындагы Кызыл-Омпол уран кенин иштетүүгө каршы маанай соңку күндөрү күчөдү. Жарандык активисттер «Биз Ысык-Көлдө уран кенин иштетүүгө каршыбыз!» деген петицияга онлайн түрүндө кол чогултуп жатышат.

Кенди чалгындап жаткан «Юразия в Кыргызстане» ишканасы - Орусия менен Кыргызстандын биргелешкен компаниясы. Анын 60 пайызы орусиялыктарга, 40 пайызы Кыргызстанга таандык. Кенди чалгындоого лицензия 2010-жылы алынган.

Чалгындоо иши 2012-жылы башталган. Лицензиянын мөөнөтү 2020-жылы 31-декабрда бүтөт.

2015-жылы Кызыл-Омполдун Таш-Булак тоо-кен участогу мамлекеттик баланска коюлган. Анда 1632 тонна уран, 3338 тонна торий, 33800 тонна цирконий жана 4102 тонна титан магнитинин запасы бар экени аныкталган.

Маселени иликтеш үчүн өкмөттүк комиссия түзүлдү. 20-апрелде комиссия мүчөлөрү менен жолуккан бир катар жергиликтүү тургундар кенди иштетпөөнү талап кылышты.

XS
SM
MD
LG