Экс-президент Алмазбек Атамбаев башкарган Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын (КСДП) мүчөлөрү уюмдун айланасындагы талашты жөнгө салуу үчүн өкмөткө жети күндүк мөөнөт коюшту. 22-апрелде Бишкекте Юстиция министрлигинин алдына митингге чыккандар ушундай талап менен тарашты. Алар эгер маселе чечилбесе, андан ары чоң митингдер уюштуруларын айтышты.
22-апрелде Бишкекте Юстиция министрлигинин алдына чогулгандар партиянын лидери катары Сагынбек Абдрахманов катталганы мыйзамсыз болгонун белгилеп, нааразы болушту.
Чогулгандар колдоруна «Саясий рейдерликке жол жок!», «КСДПдан колуңду тарт!» өңдүү бир катар жазууларды кармап, партиянын байрагын көтөрүп алышты. Митингге чыккан ондогон адамдардын арасында Жогорку Кеңештин депутаты Асел Кодуранова жана партиянын саясий кеңешинин мүчөлөрү, активисттер болду.
Министрдин орун басары менен Асел Кодуранова жолугуп чыкты. Ал партияны кайра каттоонун мыйзамдуулугу боюнча сүйлөшкөнүн, ынанымдуу жооп албаганын билдирди.
Юстиция министрлиги партиянын лидери катары Сагынбек Абдрахмановду 18-апрелде каттаган жана партиянын дареги да өзгөртүлгөн. Абдырахманов ага чейин «Атамбаевсиз КСДП» кыймылын жетектеген. Партиянын мөөрү жана документтери Алмазбек Атамбаевде.
Министрликтин басма сөз кызматы КСДП кайра каттоодон өтпөгөнүн, болгону министрликке түшкөн арыздын негизинде айрым өзгөртүүлөр киргизилгенин билдирген. (SE)