Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:48

БШК: Зеленский добуштардын 73 пайызына ээ болду


Владимир Зеленский.
Владимир Зеленский.

Украинанын Борбордук шайлоо комиссиясынын расмий маалыматына караганда, президенттикке талапкер Владимир Зеленский 73 пайыз добуш алды. Бул - бюллетендердин 90 пайызы саналгандан кийинки маалымат.

Анын атаандашы, мамлекет башчы Петро Порошенкону шайлоочулардын 24,5 пайызы колдогон.

Бул кечээ добушканалар жабылгандан кийин дароо жарыяланган улуттук экзит-поллдун маалыматтары менен дээрлик дал келет.

Актер жана куудул Владимир Зеленский Украинанын тарыхында эң көп добуш алган биринчи президент болуп калды.

Добуш берүүгө шайлоочулардын 62 пайызы келди. Украинанын Борбордук шайлоо комиссиясы шайлоонун расмий акыркы жыйынтыгын 30-апрелге чейин жарыялай турганын билдирди.

21-апрелде Украинада президенттик шайлоонун экинчи айлампасы өттү. Ага талапкерлер Петро Порошенко менен Владимир Зеленский катышты.

XS
SM
MD
LG